• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Банк Азии» ЖАК Башкармалыгынын жаңы мүчөсү дайындалды

29 декабрь, 2017-жыл

2017-жылдын 29-декабрында «Банк Азии» ЖАК Башкармалыгынын мүчөсүнүн кызматына Тансходжаева Мария Камбарбековна дайындалды.

Мария Камбарбековна 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «Прикладдык математика» адистиги боюнча механика-математика  факультетин аяктаган.  

Жалпы эмгек такшалмасы 32 жылды түзөт, анын ичинен 20 жыл банк чөйрөсүндө иштеген. Эмгек ишмердигин инженер-программисттин кызматынан баштап.  12 жылдан ашык мамлекеттик жана жеке уюмдарда бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндө  программист болуп иштеген.

1998-жылдан баштап банк чөйрөсүндө: «Айыл Банк» ААКта бизнес аналитик, насыя бөлүмүнүн башчысынын кызматын;  «Кыргызстан» АКБ - финансы башкармалыгынын башчысынын, казына директорунун кызматын; «Залкар Банк» ЖАК – Башкармалыктын төрагасынын орун басарынын кызматын ээлеген.

Башкармалыктын мүчөсүнүн кызматын ээлегенге чейин Мария Камбарбековна  2012-жылдан баштап «Банк Азии» ЖАК Башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси кызматында эмгектенген.

Биз Мария Камбарбековнаны куттуктайбыз жана ишине ийгиликтерди каалайбыз!

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию