Кыргызстандыктарды керемет Нооруз майрамы менен куттуктайбыз!
Нооруз – бул, жаркыраган жаз менен эриш-аркак кирип келген, бейпилдикти, ырыс алды-ынтымакты, биримдикти чагылдырган, кѳптѳн күткѳн, жазгы жаркын маанайды тартуулаган керемет майрам. Узакка созулган кышты жыйынтыктап, табиятты сыяктуу эле, адам баласынын жан дүйнѳсүн эргитип, аруулукту, жаңыланууну, алга карай илгери үмүттѳрдү арттырган майрам.
Демек, ушул күнү бардыңыздарга ачык асман, иштерде орошон ийгиликтерди, жакшы жетишкендиктерди каалайбыз. Жаркыраган жаз майрамы жакшылыктардын гана жарчысы болуп, алга карай илгерилѳѳгѳ ѳбѳлгѳ түзүп, ийгиликтер менен коштолсун!
Аруу тилектери менен,
«Азия Банкы»ЖАК