• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Билимдүү ѳлкѳ - банк үчүн социалдык жигердүүлүктүн белгиси

20 апрель, 2018-жыл

Интернет адам баласынын ойлоп тапкычтыгынын эң маанилүүсү. Бирок, биз анын башкы максаты жарандардын сабаттуулугун жогорулатуу экендигин унутуп койгондойбуз. Албетте аң-сезимди жана кѳптѳгѳн убакытты ээлеген социалдык түйүндѳр менен күрѳшүү мүмкүн эмес. Муну чечмелѳѳ үчүн башкы булактарга таянууга тийишпиз.

Китеп – билим алуунун башкы булагы, ал ой жүгүртүүнү ѳрчүтүп аң-сезимге азык берет.

Азия банкынын 20 жашка, ал эми эгемендүүлүккѳ ээ болгон мамлекетибиздин 27ге толушуна байаныштуу жаңы муунду, чыгармачылыкка жана алардын жан дүйнѳсүнүн жигерин арттыруу максатында банк «Окуган ѳлкѳ» долбоорун ѳздѳштүрүүнү жѳнгѳ салып, анын алкагында мектептерге, китепканаларга жана билим алууга муктаж болуп жаткандарга кѳмѳк кѳрсѳтүү менен, китепке болгон ынтызарлыкты калыптандырууга багытталган бир катар иш-чаралар аркылуу, мына ушундай маанилүү жана шыктандырган ишке аз да болсо ѳз салымын кошууга ниеттенүүдѳ.

Банк жакында эле ѳз концепциясын чагылдырган алгачкы видеороликти даярдап, социалдык медиадагы баракчасына жайгаштырган. Албетте, кѳптѳгѳн кызыктуу иш-чаралар али алдыда. Кызыктуу ал маалыматтар менен сиздерди милдеттүү түрдѳ тааныштырып турмакчыбыз.


Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию