• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Жеңиш үчүн сиздерге терең ыраазыбыз!» - ушул демилгенин алкагында кыргызстандыктар жана кѳптѳгѳн компаниялар бирелешип ѳткѳргѳн акцияда согуш ардагерлерине ыраазычылыгын билдирип, материалдык жактан колдоо кѳрсѳтүлдү

09 май, 2018-жыл

8-май күнү таң эртең  Bellagio Coffeeде Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери үчүн жыл сайын кайталанып турган социалдык акция ѳткѳрүлдү. Мында «Азия банкы» уюштуруучу катары иш алып барды.

Банк жыл сайын тѳрт жолу: 23-февраль, 9-май, Карылар күнү жана Жаңы жылда Улуу Ата Мекендик согуштун ѳзү шефке алган ардагерлерине акчалай каражаттарды берип турат. Ал эми ѳткѳн жылдан тартып материалдык колдоо форматын ѳзгѳртүүнү чечип, ѳнѳктѳштѳргѳ бул акцияны колдоо ѳтүнүчү менен кайрылган. Натыйжада жѳнѳкѳй жарандар сыяктуу эле, кеңири белгилүү компаниялар да бул ишке жигердүү тартылышкан. Алсак, «Bellagio» кофейнясы ѳз эсебинен ардагерлер үчүн дасторкон жайып, ал эми   «Куликовский» соода үйү ошол күнү «Жеңиш үчүн ыраазыбыз!» деп жазылган тортторду даярдап, ар бир ардагерге сүт азыктары менен бирге тапшырган болсо, «Цветкофф» компаниясы ар бирине керемет кооз гүлдѳрдү тартуулап, «АЮ» компаниясы фронтовиктерге 100 граммдан куюп, ал эми Record Taxi аларды үй-үйлѳрүнѳ жеткирип, алардын кѳңүлдѳрүн кѳтѳр алардын кѳңүлдѳрүн кѳтѳрүп, бир аз болсо да камкордукка бѳлѳгѳн. 

Банктын бул демилгесин белгилүү компаниялар гана эмес, жѳнѳкѳй жарандар да колдогондугун баса белгилеп кетүү зарыл. Фейсбукта жѳнѳтүлгѳн кличке кайдыгер болбогон кыргызстандыктар да колдогон. Мисалы, Анвар Гиматдинов ардагерлерге жемиштерди алып келген болсо, Регина Сманова гармонистти чакырып, аларга майрамдык маанай тартуулаган.

Акциянын жүрүшүндѳ ардагерлер согуш талаасындагы окуяларды, набыт кеткен досторун, жеңиш күнүн элестеткен ар бир күндү эскеришкен. Ошентип, майрамдык маанайга толкуган бул күн кандай ѳтүп кекени да байкалбай, кѳңүлдѳрү кѳтѳрүлүп кубанычтуу маанайда ыраазычылыгын билдиришкен. 


Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию