• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

"Билимдүү ѳлкѳ" долбоорунун алкагында ѳзгѳчѳ кѳркѳм кооздукту тартуулаган бак-дарактарды отургузуу иш-чарасы

21 май, 2018-жыл

2018-жылдын 19-май күнү «Азия Банкы» ЖАКтын кызматкерлери «Таза жашоо» мамлекеттик программасын, ошондой эле Health Safety Environment корпоративдик социалдык жоопкерчиликти колдоонун алкагында ишембилик ѳткѳрүп,  «Фламинго» сейил багынын кире беришине Paulemia (окси) дарагынын 20га жакын кѳчѳтүн отургузуп, жаңы түптѳлгѳн аллегияны «Китептер аллеиясы» деп аташты, анткени ар бир даракка кеңири белгилүү чыгармалардын каармандарынын ысымы ыйгарылды, мисалы, «Алые парусадан» Ассольдун, «Жамилядан» Даниярдын, «Кызыл жоолук жалжалымдан» Аселдин ж.б. Бул иш-чара коомчулуктун, айрыкча жаштардын кѳңүлүн китеп окууга буруу аркылуу, алардын жан дүйнѳсүн китеп каармандары аркылуу аруулатуу максатын кѳздѳйт.

Сейррек кезедешүүчү бул дарактын 20 кѳчѳтүнүн отургузулушу 20 жыл аралыгында туруктуу ѳсүшкѳ ык коюп, ѳнүгүү максатын кѳздѳп, туруктуу мекемеге айланган «Азия Банкынын» 20 жылдыгын даңазалайт:

А) кѳчѳттѳрдүн ар бир бүрдѳгѳн жалбырагы – бул биз, банк кызматкерлери, ал эми «Ынтымактуу команда» биздин баалуулук.

Б) «Ыраазы болгон кардар» – бул курчап турган чѳйрѳнү, анда жашап жаткан жарандарыбызга болгон биздин камкордугубузду түшүндүрѳт. Бак-дарак абаны тазартып, курчап турган чѳйрѳгѳ таасирин тийгизген болсо, демек ал биздин жарандарыбыздын – демек кардарлардын, сейил багына эс алып келгендердин ден соолугу.

В) «ѳнүгүү» - кѳчѳттүн кѳктѳп ѳсүп, даракка айланышын чагылдыргандай эле, банктын тез жана арымдуу ѳнүгүшүн символдоштурат. Паулемия (окси) кѳчѳтү тез ѳскѳн дарак катары айырмалангандыктан, ал банктын тез ѳнүгүп алгылыктуу натыйжага ээ болушун түшүндүрѳт.

Г) «Ишимдүүлүк» - 20 жыл аралыгындагы ишенимдүү жана туруктуу иш алып барган мекеме экендигин чагылдырат.

Дарак жѳнүндѳ баяндама:

Италиялыктар белгилегендей эле бул дарак кѳчѳтү кѳркѳм кооз, тез ѳскѳн, ар кандай илдеттерге чыдамдуу келген, бат күйүп кетпеген ѳзгѳчѳ дарак түркүмүнѳ кирет. Жер кыртышын тандабаган, эрозияга алып келбеген, абаны башка дарактарга караганда алда канча, он эсе жогору тазалоо мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болгон , аба ырайынын ѳзгѳрүшүнѳ байымдуу ѳсүмдүк.

Отургузулгандан кийинки алгачкы үч жылы ѳз учурунда сугарууну жана камкордукту талап кылганыменен кийинки жылдары ар кандай шарттарга тез ыңгайлашып кетүү жѳндѳмдүүлүгү менен айырмаланат.

Дарак гүлдѳгѳн учурда ѳтѳ кѳркѳмдүү жана башкалардан айырмаланып үч жумага чейин гүлдѳп турат (бул учурда сакурага же сиренге окшошот).

Озгѳчѳлѳнгѳн ѳсүмдүктү тартуулап, аларды отургузууга жакындан жардам берген Paulemia Asia ыраазычылык билдиреби.

Борбор калаабызды биргелешип кѳрктѳндүрүүгѳ аракеттенели.

 

  

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию