• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Азия Банкы» ЖАК үч айга созулган "Таза Жашоо" улуттук кампаниясын колдоого алгандыгы үчүн атайын сертификатка татыктуу болду

07 июнь, 2018-жыл

6-июнь – Бүткүл дүйнѳ боюнча белгиленген курчап турган чѳйрѳнү коргоо күнү «Азия Банкы» ЖАК ѳлкѳдѳ экологиялык коопсуздук маселесин чечүүгѳ багыталган "Таза Жашоо" улуттук кампаниясын колдоого алгандыгы үчүн CSR Central Asia агенттигинин сертификатына татыктуу болгон, бул демилге аталган кампаниянын отчетунда камтылган. 

Бир нече жума мурда банк кызматкерлери Башкы кеңсенин аймагында уникалдуу бак ѳсүмдүгүн - paulemia (окси) отургузууну уюштурган. 

Бул акция да мамлекеттик «Таза Жашоо» мамлекеттик программасын колдоого багытталып, анын алкагына Health Safety Environment корпоративдик социалдык жоопкерчиликтүүлүк демилгеси колдоого алынган (сергек жашоо образын, коопсуздукту жана курчап турган чѳйрѳнү коргоо долбоору). 

Жогоруда белгиленген демилгелерден тышкары банк, 2018-жылы Банк   — #билимдүү ѳлкѳ иш чарасын ѳткѳрүп, натыйжада бак-дарактар отургузулган аймак «Китеп аллеясы» аталышына ээ болгон. Бак-дарак отургузууга катышкан ар бир катышуучу ѳзү отургузган даракка дүйнѳлүк адабияттын каармандарынын ысымын ыйгарып, ошол аркылуу адабият таанууга салымын кошкон. 

Азия банкы — социалдык маселелерди чечүүгѳ айрыкча кѳңүл бурган уюм катары биринчи кезекте ѳлкѳ жарандарына пайда алып келген  ишенимдүү ѳнѳктѳш болуу ниетин кѳздѳйт. 


 

 

 

 


Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию