«Азия банкы» уставдык капитал ѳлчѳмүн 620 млн сомго чейин кѳбѳйттү
Бул боюнча тиешелүү чечим акционерлердин жыл сайын ѳтүүчү жалпы жыйынында 2018-жылдн 19-мартында кабыл алынып, жалпы иш жигери банктын финансылык туруктуулугун чыңдоого багыттала тургандыгы белгиленген. Ушундан улам, 2018-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнѳ караштуу Финансы рыногун жѳнгѳ салуу жана кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча мамлекеттик кызматы «Азия Банкы» ЖАКтын акцияларынын он экинчи чыгарылышынын жыйынтыгын каттоодон ѳткѳргѳн. Бүгүнкү күндѳ бардык зарыл жол-жоболор жыйынтыкталып, банктын уставдык капиталынын ѳлчѳмү 517 000 000дон 620 000 000 сомго чейин кѳбѳйтүлгѳн. Уставдык капиталдын кѳбѳйтүлүшү кардарлар үчүн ишенимдүү жана туруктуу иштеген банк менен иш алып баруу ишенимин бекемдеп, акционерлердин анын ѳнүгүп ѳсүшүнѳ мындан ары да колдоо кѳрсѳтүүгѳ даярдыгын тастыктайт.
«Азия банкы» быйылкы жылы ѳзүнүн 20 жылдык мааракесин белгилейт, ушул мезгил аралыгында ал олуттуу ишкердик абройго, кѳп сандаган ѳнѳктѳштѳргѳ жана кардарларга ээ болгон.
Банк бүтүндѳй Кыргызстан боюнча жеке адамдар сыяктуу эле, юридикалык жактарды сапаттуу тейлѳѳгѳ алган 33 бѳлүмгѳ ээ. Финансылык кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн толук топтомун сунуштоо менен ал жогорку тейлѳѳ сапатын камсыз кылып, ѳз кардарларынын таламдарына жана каалоо-тилектерине ѳз учурунда кѳңүл буруп, аларды канааттандырууга аракет кѳрүп келет.
Ошентип, банк менен узак мѳѳнѳткѳ каралган мамилени жѳнгѳ салып, ишеним кѳрсѳткѳндүгү үчүн баардык кардарларга жана ѳнѳктѳштѳргѳ терең ыраазычылык билдиребиз!