Курман айт майрамы менен
Урматтуу кыргызстандыктар,
Мусульмандардын ыйык майрамы Курман айт орозодон 70 күн ѳткѳндѳн кийин белгиленүүчү, мусульман калкы кѳптѳн күткѳн ыйык күн. Бул күн биримдикке чакырып, элдер ортосунда достук мамилени чыңдоону, тууганчылык мамилени арттырууну кѳздѳгѳн майрам.
Демек, ѳз ара макулдашууга жетишип, мамилени бекемдѳѳ – бул чыныгы бакыт, элдин жыргалчылыгы. Ушул ыйык күнү «Азия Банктын» эмгек жамаатынын атынан бардыгыңыздарга бекем ден соолук, ыйман арыс, бейпил турмуш каалоо менен бирге эле, ыйык Курман айт жаңы ийгиликтери, жетишкендиктерди жылоолоп, күч-кубат берип, алга карай шыктандырышына тилектеш.