Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз!
Урматтуу кыргызстандыктар,
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнѳ карата чын дилден сунушталган куттуктоону кабыл алып коюуну ѳтүнѳм!
Бул майрам биздин жалпы баалуулуктарыбызды: ѳлкѳ ѳз алдынчалыгын, анын гүлдѳп ѳнүгүшү үчүн маңдай тер тѳгүп эмгектенүүгѳ шыктануу, киндик кан тамган тууган жерге, үй бүлѳгѳ, жакындарга болгон ыйык мамилени туу тутуп, баалап-барктагандардын майрамы.
Майрамддык жаркын маанайды тартуулуган ушул күнү “Азия Банкы” бардыгыңыздарга ачык асман, байгерчилик турмуш, ѳз ара түшүнүшүүнү жана ырыс алды- ынтымакты каалайт. Ар бир үй бүлѳгѳ кут-береке орноп, орошон ийгиликтер, жаңы жетишкендиктер коштосун.