Банк кызматкерлери “Дүйнөлүк тазалык күнү” акциясына катышты
15-сентябрь күнү айлана-чөйрөнү ар кандай таштандылардан арылуу боюнча республикалык акция болуп өттү. Бул иш-чара дүйнөнүн 157 өлкөсүндө активдүүколдоого алынган.
Маанилүү иш-чаранын башкы максаты – жаратылышты таштандылардан арылуу жанатазалыкты сактоо ниетине жалпы коомду бир командага бириктирүү.
Республика аймагы боюнча миңдеген жарандар коомдук жайларды, жаратылыш сейилбактарын, көлмөлөрдү жана токой тилкелерин ар кандай таштандылардан арылтуу ишине катышып, жаратылышты коргоо жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө өз салымынкошкон.
«Азия Банкы», корпоративдик чогуу жоопкерчиликтүүлүк #HSE (Health SafetyEnvironment) принциптерине таянуу менен бул акцияны жигердүү колдоого алган. Банккызматкерлери “Эркиндик” сейил багынын айланасын тазалап, мындан ары да ушундаймаанилүү иш-чарага активдүү катышууну иш принциби катары бекитүүнү чечкен.
Бул демилгеси үчүн банктын эмгек жамаатына ыраазычылык билдиребиз!