• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

“Билимдүү өлкө” долбоору – банк үчүн социалдык актвидүүлүктөгүбиринчи кезекте көңүл бурулуучу иш багыты

19 сентябрь, 2018-жыл

Албетте, интернет – адам баласынын эң эле маанилүү ойлоп табуу чеберчилигинин айкынтастыктамасы. Бирок, анын башкы максаты – сабаттуулукту жогорулатуу экендиги айрымучурда көз жаздымда калып жаткандай сезилет. Убактыбызды алып, аң сезимибизге уялап, жан-дилибизди ээлеп алган социалдык түйүндөргө таасирдүү туруштук берүүгө дараметибиз жетпей жаткан шартта да, түпкүлүктүү өзөккө кайрылып, анын уюткулуумаани-маңызына баа берүү зарыл деп эсептейбиз.

Китеп, башкы билим булагы, ал ой-жүгүртүүнү өөрчүтүп, билим кенчинен сугарып, дүйнөгө болгон көз карашты, дүйнө таанымдын пайдубалын түптөйт. Китептин ар бир барагын окуп бүткөндөн кийин анын сюжетине кызыгуу артып, каармандары менен кошо окуяга аралашып, алардын сүйүнчүнө ортоктош болуп, түйшүнүн тең бөлүшкөндөй болосуң.

“Азия Банкы” быйыл 20 жыл, ал эми эгемендүүлүккээ ээ болгон мамлекетибизге 27 жылтолот. Банктын жыйырма жылдан ашуун басып өткөн жолу орчундуу окуяларды, бай тажрыйбаларды топтоп, мезгил сынагынан өткөн тарых барактарын камтыйт. Демек, өтөлгөлүү өткөндөн жыйынтык чыгарып, келечек муунду алга карай үндөп, алардын чыгармачылык жигерин арттырып шыктандырууга убакыт келип жетти. Айрыкча бул кыргыздын чыгаан уулу, кайталангыс талант, улуу инсан Чынгы Айтматовдун 90 жылдыгына да туш келип жатышы өтө сыймыктуу.

Учурда «Азия Банкы» "Билимдүү өлкө” долбоорун өздөштүрүп жаткан чагы, ошол аркылуужана анын алкагында банк алдыда күтүлүп жаткан олуттуу иш-чарга аз да болсо өз салымын кошууга, мектептерге, китепканаларга, жакындан колдоону күтүп жаткан билим берүү системасына жардам берип, жаштардын китеп окууга ынтызарлыгын арттырып, ошол аркылуу китеп сүйүүчүлөр катарын көбөйтүүгө ниетенүүдө.

Жакында эле банк ушул концепцияны чагылдырган алгачкы видероликтерди (кыскача тасмалар) даярдап, аларды социалдык медиа баракчаларында жайгаштырган.

Албетте, көптөгөн кызыктуу иш-чаралар али алдыда жана банк алар менен Сиздерди өз убакында тааныштыра тургандыгына ишендирип кетет.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию