«Азия Банкы» корреспонденттик түйүнүн кеңейтти
Урматтуу кардарлар,
Биздин банк Россиянын Москва шаарындагы “Альфа-банк” АКда Россия Федерациясынын рубли менен эсеп ачып, корреспонденттик түйүнүн дагы кеңейтти.
Moody’s Investors Service эл аралык рейтингдик агенттигинин маалыматына ылайык, «Альфа-Банктын» насыялык жөндөмдүүлүгү төмөнкүчө:
Агенттик | Рейтинг | Мааниси |
Moody’s Investors Service | Карыз милдеттенмелеринин узакмөөнөттүү рейтинги | Ba1 |
Аманаттардын узак мөөнөттүүрейтинги | Ba2 | |
Аманаттардын кыска мөөнөттүүрейтинги | NP | |
Насыя жөндөмдүүлүгүнүн негизгибаасы | ba2 | |
Божомол | Туруктуу |
Бул рейтинг «Альфа-Банк» каржылык туруктуулугу жана ынанымдуулук деңгээли жогору экендигин айгинелейт.
«Азия Банкы» ЖАК Россиянын алдыңкы банктары менен өнөктөштүктө өз кардарларына дайым мыкты кызмат сунуштоого ынтызар.
Банк тууралуу маалымат: «Альфа-Банк» – Россиядагы ири жеке банктардын бири. РБК жана Forbes рейтингдери боюнча – активдеринин көлөмүнө жараша Россиядагы жетинчи орунда турган банк (ал эми жеке банктар арасында — биринчи сапта). Башкы кеңсеси Москва шаарында жайгашкан. 1990-жылы түптөлүп, банк кызматтарынын бардык түрүнжүргүзгөн универсалдуу банк болуп саналат.
Дүйнөдө аталган банктын 110 бөлүмү жана филиалы иштейт, ичинде анын алдында түзүлгөн Нидерландыдагы Амстердам соода банкы да бар. Банктын өкүлчүлүктөрү Улуу Британия, Кипр жана АКШда да иш алпарат.