«Азия Банкы» Германиядагы Landesbank Baden-Wuerttemberg банкында эсеп ачты
Урматтуу кардарлар,
Банкыбыз корреспонденттик түйүнүн дагы кеңейткенин Германиянын Штутгарт шаарындагы Landesbank Baden-Wuerttemberg банкында евро менен эсеп ачканын кубаныч менен кабарлайт.
Moody’s Investors Service эл аралык рейтингдик агенттигинин маалыматына ылайык, Landesbank Baden-Wuerttemberg (LBBW) төмөнкүдөй насыялык жөндөмдүүлүк рейтингине ээ:
Агенттик |
Рейтинг |
Мааниси |
Moody’s Investors Service |
Карыз милдеттенмелеринин узакмөөнөттүү рейтинги |
Aa3, 03 август, 2018 |
Аманаттардын узак мөөнөттүүрейтинги |
Aa3, 03 август, 2018 |
|
Насыялык жөндөмдүүлүгүнүн негизгибаасы |
baa2, 13 сентябрь, 2017 |
|
Божомол |
Туруктуу |
Бул рейтинг Landesbank Baden-Wuerttemberg (LBBW) жогорку каржылык туруктуулук жана ынанымдуулук деңгээлине ээ деп белгилөөгө негиз берет.
Банк боюнча маалымат: Landesbank Baden-Wuerttemberg Германиянын ири мамлекеттик насыя берүүчү болуп саналат. Банктын Башкы кеңсеси Штутгарт шаарында жайгашкан. Активдери (31.12.2017) 238 млрд еврону түзөт. Аталган банкта 10 миң кызматкерэмгектенет.
LBBW өзүнө Baden-Württembergische Bank (BW-Bank), Rheinland-Pfalz Bank жана Sachsen Bank өңдүү ритэйл банктарды (жеке жактарга банктык чекене кызматтарды көрсөтүүчү банктар) камтыйт. Банктын Германиянын аймагында жана башка 24 мамлекетте 200 филиал жана тейлөө бөлүмү бар.
LBBW дүйнө жүзү боюнча 2800 банк менен иш алпарып, өтө кеңири корреспонденттик түйүнгө ээ. Mercedes-Benz, Porsche, BOSCH, Siemens, BOSS, TRUMPF жана башкалар өңдүү үлкөн жана даңазалуу ишканалар LBBW банкынын негизги кардарларынын сап башында.