"Мобильник" терминалдарында техникалык иштер жүрүүдө
Урматтуу кардарлар,
7-декабрдан тарта техникалык иштерден улам “Мобильник” төлөм терминалдары жана “МобильникДеньги” электрондук капчыгы аркылуу МСКга алым, жыйымдар, КР ИИМ ЖККнын айыптарын кабыл алуу убактылуу токтотулат.
Ошондой эле “Азия Банкы” ЖАК карталык жана алыш-бериш эсептерин толуктоо жана насыяларды жабуу мүмкүнчүлүгү утурумдуу токтотулду.
Жогоруда аталган төлөмдөрдү биздин банктын терминалдары аркылуу төлөй аласыз.
Алыш-бериш эсептерин толуктоо мүмкүнчүлүгү жана салык алымдарын төлөө Элкарт Мобайл тиркемелеринде да мүмкүн экендигин эсиңиздерге салабыз.
Жаралган ыңгайсыздыктар үчүн сиздерден кечирим сурайбыз!