Банктын терминалдарында мамлекеттик төлөмдөрдү кабыл алуу тарифиндеги өзгөртүүлөр
Урматтуу кардарлар,
Банкыбыздын төлөм терминалдарында мамлекеттик төгүмдөрдүн төмөнкү түрлөрүн кабыл алуу тарифтери өзгөргөнүн кабарлайбыз:
- МСКнын пайдасына салык төгүмдөрү
- КР Социалдык фондуна төгүмдөр
- Жол айып пулдары
Биздин банктын кеңселеринде жайгашкан төлөм терминалдарында төгүмдөрдү кабыл алууда 20 сом өлчөмүндө комиссия кармалат.
Ал эми банктын кеңселеринен башка жерлерде коюлган терминалдарда төлөм кабыл алууда төмөндө көрсөтүлгөндөй өлчөмдө комиссия алынат:
1 000 сомго чейин | 20 сом |
1001ден 5 000 сомго чейин | 30 сом |
5001ден 15 000 сомго чейин | 50 сом |
15001ден 50 000 сомго чейин | 70 сом |