• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

“Азия Банкы” Асек ардагердин кайрымдуулук демилгесине колдоо көрсөттү

23 март, 2019-жыл

Асек Урманбетов – Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Мекенибизди коргоп келген баатыр гана эмес, азыркы күнгө дейре адамдардан жардамын аябай, өлкөнүн келечегин ойлогон чыныгы улуу инсан.

96 жаштагы аксакалдын акылы дале тунук, китеп жазат, алтургай, кайрымдуулук кылуу менен да алек.

Акын, кара сөз чебери, анын калеминен көптөгөн чыгармалар жаралган, арасында Асек ардагердин ырлары жана эскерүүлөрү камтылган “Токсон бешимдеги отчетум” китеби да бар. Бул эмгегинде согуштун бардык кыйынчылыгын, азап-тозогун тарткан аксакал кийинки урпактарга эстелик өчпөс эстелик, мурас катары башынан өткөргөндөрүн баяндай чыгармага айланткан. Аталган китеп 1000 нуска менен чыккан.

Асек Урманбетов биздин банкка анын китебин сатып алып, “Азия Банкынын” кызматкерлерге таратып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул аракети менен ардагер жеңиш оңой-олтоң келбегенин көпчүлүк эстен чыгарбасын, ата-энелер өз балдарына эр жүрөк жоокерлердин эрдигин айтып берсин деп тилек кылган.

Дилгир, көңүл кош карабаган кесиптештерибиз ардагердин чыгармачылыгын колдоону кубаттай анын өтүнүчүн аткарып, 200 китеп сатып алышты.

Аксакалды кеңсебизге чакырып, баарлаштык. Ошол жылдардын акыркы ардагерлеринин бири менен дидарлаша тарыхтын бир бөлүгүн көргөндөй болдук.

Китепти сатуудан түшкөн бардык каражат Асек Урманбетовдун “Ак жол” коомдук фондуна которулат. Ал эми аталган фонддун бардык каражаттары жардамга муктаж адамдарга сарпталарын баса белгилей кетели. Ардагер мындай кайрымдуулук акцияларын байма-бай өткөрүп, муктаж адамдарга көмөктөшүп келет.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию