Студенттерге FinOlimp жана Дүйнөлүк акча апталыгынын алкагында мастер-класс өткөрүлдү
FinOlimp – 2019 алгачкы каржылык олимпиадасына даярдык көрүү жана Дүйнөлүк акча апталыгына карата 26-март күнү Бишкек финансы-экономикалык академиясында “Азия Банкы” ЖАКтын бизнести өнүктүрүү боюнча директору Владислав Тен “Банктагы сатыктардын жаңы санариптик үлгүсү” деген темада мастер-класс өткөрдү.
Санариптештирүүнүн кызуу жүрүшүндө заманбап банктын иш концепциясынын өзү да өзгөрүүдө. Мастер-класста келечектин банкы кандай болушу кажет, банктагы иш кандай алпарылат жана бизнести өнүктүрүүнү өбөлгөлөө кандайча жүрөрү туурасында талкууланды.
Мастер-класска аталган жогорку окуу жайдын студенттери гана тургай, башка билим берүү жайларынын финансы жана экономикалык факультеттеринин бул багытка кызыккан студенттеринин баары, ошондой эле 23 жашка чейинки жаш кесипкөйлөр катышты. Эң активдүү катышуучуларга банктын өздүк белектери тапшырылды.
Кошумча маалымат:
Global Money Week (Дүйнөлүк акча апталыгы) – каржылык жана экономикалык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган эл аралык агартуу кампаниясы.
FinOlimp долбоору – 23 жашка чейинки жаш кесипкөйлөр жана студенттер арасындагы финансы жана экономикалык алгачкы олимпиада. Башкы өнөктөшү – “Азия Банкы” ЖАК.
Аталган олимпиадага катышууга сиздерди чакырабыз. Олимпиадага катышуу жана катталуу эрежелери менен бул жерден тааныша аласыз.
Тапшырык 5-апрелге дейре кабыл алынат!