• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Убактыңызды текке кетирбеңиз – кызмат акыларын сырттан төлөңүз!

29 март, 2019-жыл

«Азия Банкы» КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, КР ИИМ ЖКККМБга (Коопсуз калаа) 24/7 бою накталай жана накталай эмес эмес төлөө мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Кызмат акыларын накталай төлөөнү ылайык көрсөңүз, банкыбыздын бардык бөлүмдөрүндөгү, ошондой эле “АсИсНур” ЖЧКсы түйүнүндөгү төлөм терминалдары аркылуу жүргүзө аласыз.

Банкыбыздын жана “АсИсНур” ЖЧКсынын төлөм терминалдарынын тизмеги менен бул жерден , андан тышкары, www.asisnur.kg сайтынан тааныша аласыз.

Накталай эмес төлөм Кыргызстандын аймагындагы бардык банктардын Элкарт төлөм картасы, Элкарт Мобайл мобилдик тиркемесинин жардамы менен жүргүзүлөт. Бул учурда төлөм картасын колдоно өзүңүздүн да, башка бирөөлөрдүн да, маселен, тууганыңыз, дос же таанышыңыздын салык жана төгүмдөрүн маалыматтарын так көрсөтүү менен төлөп коюу үчүн өтө керектүү жана ыңгайлуу.

Артыкчылыгы:

  • КРӨ алдындагы МСКнын, КР ИИМ ЖКККМБ, ЭСА, КР СФ эсебине каражатты заматта чегерүү;
  • Тыныгуусуз жана дем алышсыз 24/7 бою иштейт;
  • Акылдуу телефон аркылуу кызмат акыларын төлөө;
  • Өз убактыңызды үнөмдөйсүз!
  • Узун жана шай оодарткан кезек күтпөйсүз.

Салыкты төлөөгө тиешелүү маалыматтар: 

  • салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН);
  • экономикалык ишмердик жүргүзүлгөн жай жайгашкан/ мүлктүн катталган жеринин дареги (облус, район, эгер болсо, айылдык округ);
  • транспорттук каражаттын мамлекеттик номери (транспорт салыгын төлөө учурунда);
  • салык төлөөгө жаткан төгүмдүн суммасы (салыкты төгүүдө кармалган комиссия).

Эгер Сиз салыктын түрүн же жогоруда көрсөтүлгөн реквизиттердин бирин натуура жазып алсаңыз, Сиз салык органына кайрылууңуз абзел.

«Азия Банкы» ЖАК Сизге Төлөм терминалдары аркылуу кызмат акысын төлөгөн соң төгүмдү тастыктаган чектин көчүрмөсүн алып, анын коопсуздугу үчүн сактап коюуга кеңеш берет. Каражаттар убагынан кечиктирилбей өздүк эсебиңизге чегерилиши үчүн кызмат акыларын күн мурунтан төлөңүз.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию