• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Банктын кызматкерлери жаштар картасы боюнча тренинг өткөрүштү

11 апрель, 2019-жыл

10-апрелде Спорт ордосунун Жаштар борборунда «Азия Банкы» кызыкдар студенттер жана жаштар уюмдарынын лидерлери үчүн тренинг өткөрдү.

Банк карталары жана «Элкарт Мобайл» ыңгайлуу мобилдик тиркемесин пайдалануунун артыкчылыктары каралды. Тренинг Кыргызстандагы Global Money Week алкагында КР Улуттук банк жана КР Өкмөтүнүн алдындагы жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте өттү. Долбоор калктын каржылык сабаттуулугун арттырууну көздөйт.

Банктын кызматкерлери Кыргызстанда пайдаланылчу карталардын түрлөрү жана артыкчылыктары туурасында, акча топтоо жана кошумча каражат алуу, карта аркылуу интернет-төлөмдөрүн жүргүзүү, тобокелдиктер жана көз боемочулардан коргонуу ыкмалары жөнүндө айтып беришти.

Тренингде кызуу талкуу жүрүп, студенттер кызыккан суроолорун узатып, накталай эмес төлөмдөр боюнча өз пикирлерин ортого салышты. “Элкарт Мобайл” мобилдик тиркемеси көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Ал аркылуу үйдөн сыртка чыкпастан бардык онлайн төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот.

Эске салсак, мындай тренингдер банк тарабынан биринчи ирет өткөрүлүп жаткан жок.

14-апрелде Борбор Азиядагы Америкалык университетинде өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери үчүн “ФинЗнайка” аттуу квест-оюну өткөрүлгөнүн белгилей кетели. Анда биз каржылык сабаттуулук боюнча өз билимибизден бөлүшсөк, 21-апрелде Global Money Week алкагында «Азия Банкы» өлкөнүн экономикалык окуу жайларынын студенттери жана жаш адистер арасындагы FinOlimp-2019 – алгачкы каржылык олимпиадасын өткөрмөкчү.

Кошумча маалымат:

Global Money Week (Дүйнөлүк акча апталыгы) – каржылык жана экономикалык сабаттуулукту арттырууга багытталган эл аралык агартуу кампаниясы. Бул каржы мекемелери үчүн калктын калың катмары менен билим жана тажрыйбасынан бөлүшүүгө эң сонун шарт. "Азия Банкы" мындай иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт.


Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию