• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

“Азия Банкы” алгачкы каржылык олимпиаданы колдоого алды

15 апрель, 2019-жыл

"Азия Банкы" Кыргызстанда биринчи жолу өткөн FinOlimp-2019 каржылык олимпиадасына башкы өнөктөш болду. Бул – экономика жана каржы боюнча студенттер жана 23кө чейинки жаш кесипкөйлөр арасында банк, "PRO KG" кесипкөйлөр клубу жана Good Solutions Group тарабынан уюштурулган алгачкы олимпиада.

Олимпиаданын максаттары төмөнкүлөр:

  • өлкөдөгү каржылык жана экономикалык билим берүүнү жайылтуу;
  • таланттуу студенттерди жана жаш кесипкөйлөрдү табуу, аларды банктарга жумушка жана такшалма ишине орноштуруу;
  • коомдун экономикалык жана социалдык көйгөйлөрүн чече турган жаш муундун ар тараптуу өнүгүшүн өбөлгөлөөгө салым кошуу.

Олимпиадага Бишкектеги бардык экономикалык окуу жайлардын студенттери каттала алышты. Ага катышуу балдар үчүн – баарынан мурда баалуу тажрыйба, өз күчтөрүн сыноо, жаңы билим жана көңүлү самаган ишке кирүү мүмкүнчүлүгү. Албетте, эң күчтүүлөрү жеңишке жетери бышык, бирок, ар бир катышуучу финансисттик кесипте гана эмес, күнүмдүк турмушта да зарыл болчу билимге ээ болору талашсыз.

Жеңүүчүлөр "Азия Банкынын" атынан 500 АКШ доллар өлчөмүндө баш байгеге ээ болуп, андан тышкары, банкка такшалуу үчүн кирип, жөндөмүн көрсөтсө, банкка ишке да кирет. Олимпиаданын бардык чыгымдарын "Азия Банкы" мойнуна алат.

Олимпиада үч айлампа менен өтөт, биринчи жана экинчисинде – тестирлөө, окутуу тренингдери жана мастер-класстар уюштурулат. Ал эми жыйынтыктоочу бөлүгүндө каржы боюнча адистештирилген кейстерди аткаруу, команда да иштөө жана жеңүүчүлөрдү аныкталат.

Март айынын башында Бишкектин ири окуу жайларында өлкөнүн алдыңкы финансист, экономист, банкирлер жана ишкерлери компаниялардын наркын баалоо, каржылык моделдештирүү, жеке ишканалар жана жаңы башат ишкерликти инвестиция салуу боюнча бир катар мастер-класстарды өткөрүштү.

26-мартта "Азия Банкы" Бишкек финансы-экономикалык академиясында ар кандай жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн “Банктагы сатыктардын жаңы санариптик үлгүсү” деген темада өз мастер-классын өткөрдү. Анда ар бир бизнести санариптештирүү, онлайн тейлөө жана банк ишине жаңы санариптик технологияларды киргизүү темасынан кеп козголду.

13-апрелде "Орион" отелинде олимпиаданын экинчи айлампасы өттү. Анын алкагында банкыбыздын карта бөлүмүнүн адистери студенттерге “Банк карталарын пайдалануунун артыкчылыктары. Ыңгайлуу “Элкарт Мобайл” мобилдик тиркемеси” деген аталышта каржылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрдү. Ал эми HR бөлүмүнүн кызматкерлери кесипке багыттоо жана ыңгайлашуу тесттерин көрсөтүп, балдарга “Банкир мектебинин” ички долбоорун тааныштырды. Эң активдүү катышуулар жагымдуу белектерди жана жылдык бекер тейлөө менен VISA GOLD картасын акысыз ачууга сертификаттарды алышты.

Олимпиадага катышууга тапшырган беш жүз студенттин ичинен экинчи айлампага 70 киши өткөн. Үчүнчү баскычтагы тестирлөөнүн жыйынтыгында 25 студент гана калат.

Аталган олимпиада банктын корпоративдик социалдык жоопкерчилик, ошондой эле «Global Money Week» (Дүйнөлүк акча апталыгы) алкагында өткөрүлүп, калктын каржылык сабаттуулугун арттырууну көздөй турганын белгилей кетели.

21-апрелде олимпиаданын финалдык айлампасы болот. Студенттер алдын ала беш топко бөлүнүп, чыныгы банк кейсин аткарышат. Анын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталмакчы.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию