• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

"Азия Банкы" Улуу атамекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

08 май, 2019-жыл

8-май күнү "Азия Банкынын" кызматкерлери Улуу атамекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттуктады. Кайдыгер эмес кыргызстандыктар жана бир катар белгилүү ишканалар менен биргеликте “Жеңиш үчүн ырахмат!” акциясынын алкагында "Vavilon" ресторанында түшкү сый тамагын уюштурду.

Бир топ жылдан бери "Азия Банкы" өз ардагерлерин колдоого алып, квартал сайын материалдык көмөк көрсөтүп, үйлөрүнө барып, акчалай жардам берип келет, алардын эч бир өтүнүч жана кайрылууларын көз жаздымга калтырбайт.

Бул ирет да банк өздөрүнө бекитилген ардагерлерге акчалай колдоо көрсөтүп, салтанаттуу сый тамакты уюштурууну өз мойнуна алган. Аталган акцияны демилгелей айланасына ардагерлердин өмүрү, тагдырына кайдыгер эмес дос, пикирлештерин топтогон.

Салтанаттын өткөрүүгө банктын достору – “Шоро” компаниясы, “АЮ Холдинг”, “Тойбосс”, “Цветокофф”, “Record Taxi”, "Вавилон" рестораны жана "Куликовский" кондитердик үйү өнөктөш болушту. Алар согуш ардагерлерине белек-бечкек жана өз өндүрүмдөрү салынган пакеттерин тартуу кылышты. Мындай биргелешкен акция банк тарабынан үчүнчү жолу өткөрүлүп, салтка айланып барат.

Ар бир ардагер акчалай белек, өнөктөштөр атынан чогултулган азык-түлүк баштыгын, гүлдесте жана өздөрүнө даректелген открытка алышты. "Вавилон" рестораны ардагерлерге жайыл дасторкон жазды.

Бишкектик кайрымдуу карапайым тургундар Регина Сманова, Акжол Алымсеитов жана Анвар Гиматдинов да четте турбай, ардагерлерге жер-жемиш алып, сый тамакка, андан кайра үйлөрүнө жеткирүү үчүн транспорт уюштурууга кол кабыш кылышты.

Улуу меймандар үчүн “Асман” вокалдык сынагынын катышуучусу Айгерим Ильяева ырларын тартуулады. Ардагерлер банк жетекчилигин жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, бардык катышуучулар менен биргеликте согуш жылдарындагы ырларды аткарышып, өздөрү жазган төрт саптарын окуп, бири бирине да жылуу тилектерин айтышты.

Банктын Башкаруу тобунун мүчөсү Медет Таиров ардагерлерге согуштагы эрдиги, баатырдыгыга терең таазим этип, улуу жеңиш жана төбөбүздөгү тынч асман үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул өзгөчө маанилүү күн жана анын баатырларынын урматына "Азия Банкы" ЖАК бул жакшы салтын улантууга ниеткер. Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

Бардык ардагерлерге узун өмүр, бекем ден соолук жана бакубат жашоону чын дилибизден каалайбыз!

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию