Банк кызматкерлери күнү кут болсун!
Кымбаттуу, кесиптеш-банкирлер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз!
Азыркы банк рыногундагы ишмердикке чыныгы кесипкөйлөр гана туруштук бере алат. Күн сайын сиздер кардарларды сапаттуу тейлеп, өлкөдөгү каржылык туруктуулукту камсыздап, жарандардын бардар турмушу үчүн иш алпарасыздар.
Сиздердин ар бириңиздерден банк тутумунун эртеңки келечеги көз каранды. Мындан ары да ишиңиздерди ийгилик коштосун, өзүңүздөр өсүп-өнүгүү жолундаболуңуздар. Үйүңүздөрдө да кут орноп, жакшылыктарга жык, бакубат турмуш сүрүңүздөр!
“Азия Банкы” ЖАК
Башкаруу тобунун төрайымы
Атакишиева З.А.