• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

VISA картасын «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси менен толуктаңыз!

13 май, 2019-жыл

Урматтуу кардарлар!

Жагымдуу жаңылыгыбызды сиздерге сүйүнчүлөөгө курсантпыз.

«Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси аркылуу Элкарт картасын гана тургай, “Азия Банкы” ЖАК VISA картасын да кыргыз сому жана АКШ доллары менен эч кандай комиссиясыз, акысыз толуктай аласыз.

«Азия Банкы» банктар арасында алгачкылардан болуп өз кардарларына ушундай мүмкүнчүлүк жаратты. Биздин банктын гана эмес, Кыргызстандын башка банктарынын да Элкарт төлөм картасы аркылуу толуктоого болот.

Кошумча маалымат:

* «Элкарт Мобайл» – “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК тарабынан иштелип чыккан мобилдик тиркеме. Анын жардамы аркылуу сиздер төмөндө көрсөтүлгөн кызматтардан пайдалана аласыздар:

Ыкчам которуу:

  • БПБ базасында чыгарылган бир картадан экинчисине акча которуу

Төлөмдөрдү төгүү:

  • Уюлдук телефондордун, электрондук капчыктардын балансын толуктоо
  • Коммуналдык, Интернет, ТВ жана башка кызмат акыларын төлөө
  • Шаблон түзүү менен кызмат акыларын заматта төлөө, ошону менен бирге эле комиссиялардан үнөмдөп калуу

Картаны текшерип туруу:

  • Учурдагы балансты текшерүү дайым жеткиликтүү
  • Карталар боюнча кичи көчүрмөнү тез алуу
  • Төгүм макамын жана төлөм тарыхын текшерүү мүмкүнчүлүгү 

Банк операцияларын жүргүзүү:

  • “Азия Банкы” ЖАК эсеп-кысап жана карталык эсептерин (Элкарт жана Visa)толуктоо,
  • “Азия Банкы” ЖАК насыяларын төгүү.

Мамлекеттик төгүмдөрдү төлөө:

  • Салыктарды төгүү,
  • КР ИИМ ЖККББга (Коопсуз калаа) айып пул төлөө,
  • КР ИИМ ЖККББ айып пулдарын төгүү,
  • КР Социалдык фондуна төгүмдөр,
  • Кепилдик төгүм (ЭСА),
  • Чакан насыялык компаниялардын насыяларын төгүү.

Ошону менен бирге эле «Элкарт» жана VISA карталарын кабыл алган жакынкы банкомат жана соода түйүндөрүн издей аласыз. Тек гана зарыл шарт – Интернетке туташуу. Эсебиңиздеги каражаттарыңыздын коопсуздугу жана сактыгы эл аралык коопсуздук стандарттарына төп келген заманбап коргоо тутуму менен камсыздалат.

Тиркемени App Store, ошондой эле Google Play тиркемелер дүкөнүнөн жүктөп алуугаболот.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию