Улуттук валюта күнү менен!
Улуттук валюта күнү менен куттуктайбыз!
Туура 26 жыл оболу, тагыраак, 1993-жылы улуттук сом өлкөнүн эгемендигинин экономикалык символу болуп калган. Бул күнү каржы тутумундагы кызматкерлер өз кесиптик майрамын белгилегени да терең мааниге ээ.
Бул күнү сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо, саламаттык, ийгилик жана ишмердигиңиздерде Мекенибиздин өнүгүшүнө багытталган жаңы жетишкендиктер арбын деген тилегибизди билдиребиз!
Биздин улуттук валюта – кыргыз сому мындан ары да калктын жашоосунун жакшырышына жана өнүгүшүнө кызмат кылсын.