• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Азия Банкы» “Мир” картасын кабыл ала баштады

23 май, 2019-жыл

Урматтуу кардарлар,

Сиздерге жагымдуу жаңылыкты кабарлоого ашыгып турабыз. Мындан ары биздин банктын банкоматтарында россиялык төлөм тутумундагы “Мир” картасын кабыл алат. “Мир” картасы менен накталай каражатты банкыбыздын Бишкек шаарындагы бөлүмдөрүнөн ала аласыз.

«Мир» картасынын ээлерине бул тейлөө сунушталат:

  • Балансты текшерүү
  • Накталай акча каражатын алуу

Төлөм карталар улуттук системасынын (НСПК) коммерциялык директору Максим Лазырин мындай белгилейт: “Эки өлкө ортосунда экономикалык кызматташтык жакшынукта өнүгүүдө, “Мир” жана “Элкарт” улуттук төлөм тутумдарын интеграциялоо долбоору дагы Россия менен Кыргызстандын каржы багытындагы өз ара байланышынын маанилүү бир баскычы болот. Жыл сайын РФ жарандары Кыргызстанга 200 миңден ашык жолу катташат. “Мир” картасынын республиканын аймагында кабыл алына башташы карта ээлерине туристтик жана иш сапарларында кадыресе аракетке айланган операцияларды жүргүзүүнү кыйла жеңилдетет.

«Азия Банкы» аталган картаны кабыл алуу жана колдонуу аймактарын кеңейтүүнү уланта бермекчи. Биздин маалыматтарга көз салып туруңуз, “Мир” картасын кабылдоонун жаңы түйүндөрүн кошумча билдиребиз.

Кошумча маалымат:

“Мир” россиялык төлөм картасы 2015-жылдын аягында түзүлгөн. 311 россиялык банк ага катышуучу болуп эсептелет, дээрлик алардын баары аталган картаны өз түзүлүштөрүндө кабыл алып, тейлешет. 160тан ашуун банк “Мир” картасын чыгарат. Ушул таптачыгарылган картанын саны 58 миллионду түзөт. “Мир” төлөм тутумунун оператору катары “Төлөм карталарынын улуттук тутуму” АК (НСПК) иш алпарат. Россиянын аймагында эл аралык төлөм тутумдарынын карталарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо, төлөм карталарынын россиялык тутумун түзүү жана өнүктүрүү НСПКнын аткара турган милдеттерине кирет.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию