“Азия Банкы” эл аралык “Фоточемп” сынагына колдоо көрсөттү
7-июнда CENTRAL ASIA DESIGN HUB аймактык долбоор жана медиастудиясында “Фоточемп-2019” көргөзмөсү жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү. Эл аралык бул сынакка “Азия Банкы” өнөктөш катары колдоо көрсөттү. Уюштуруучулар “Азия Банкына” ырахматын айтып, ыраазычылык кат тапшырды.
Мелдешке дасыккан фотографтар да, фотосүйүүчүлөр да катышкан. Быйылкы “Фоточемп” сынагынын темасы – стрит-фото – көчө сүрөтү эле. Көрүүчүлөр сынактын катышуучуларынын эмгектери менен таанышып, баалап, жактырган сүрөткө өз добушун беришти. Анын жыйынтыгы менен “Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон сүрөт” сыйлыгынын ээси аныкталды.
Катышуучулардын жана жеңүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү Кыргызстандан гана эмес, жакынкы чет өлкөлөр – Казакстан, Түркмөнстан, Беларусь, Россия жана башка мамлекеттерден келген фотографтар экенин баса белгилей кетели.
Кошумча маалымат:
Фоточемп – фотографиянын ар кыл жанры боюнча онлайн жүргөн мелдеш. «Фоточемп» таймашында бардык фотографтар же фотосүйүүчүлөр кызыктуу жана коомго пайда келтирерлик фото-тапшырмаларды аткарууда өз күчтөрүн сынай алат.