• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Азия Банкы» жана DevCIT окуу борбору С# программисттерди даярдоо боюнча долбоорун баштайт

19 август, 2019-жыл

Ааламдагы жана өлкө ичиндеги санариптештирүү, технология шартында кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кыл тармагы кеңейгенден кеңейип барат. Дал ушул себептен, программист адистиги Google компаниясында гана иштөө дегендикке жатпайт. Бул жааттагы билим жана жөндөмдү биздин өлкөдө да колдонууга болот. Ушул тапта банк кызматтарынын жергиликтүү рыногу жигердүү өнүгүп, өз кардарларына IT тармагындагы заманбап программаларды пайдалануу менен улам жаңы өндүрүм жана кызматтарды сунуштап келет.

Алардын катарында 20 жылдык тарыхы, ынанымдуу аброю бар «Азия Банкы» да өз программисттеринин тобун кеңейтип, акырындык менен санарипке өтүүдө. Мезгилдин талабына ылайык быйыл күздөн тарта банк Борбор Азиядагы Америкалык универстетинин алдындагы DevCIT окуу борбору менен биргеликте C# программисттерин даярдоо боюнча 9 айлык биргелешкен долбоорун ишке ашырмакчы.

Долбоорго катышуу үчүн атайын билимдин зарылдыгы жок, кадыресе компьютердик сабаттуулук жана жакшы өрчүгөн логикалык ой жүгүртүү жөндөмү гана жетиштүү. Окуу программасынын окутуучусу – «Азия Банкынын» башкы программисти, ар кыл тейлөө жана маалымат базаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жаатында 7 жылдык тажрыйбасы бар Мыктыбек Абсатар уулу. Ал иштеп чыккан долбоорлордун арасында банк төлөмдөр тутуму, терминалдар, ар кандай плагин жана сайттардын модулдары аркылуу Visa картын толуктоо да бар. Булардан тышкары, Мыктыбек MySQL, ошондой эле C#, PHP жана Java тилин мыкты өздөштүргөн.

«Соңку кезде IT көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан тармак, жаштар жаңы кесипти – программисттик адистикти тандап, үйрөнүп, такшалып жатышат. Өлкөдө Жогорку технологиялар паркы кызуу өнүгүүдө, жаңы муун алмашып, өзгөрүүдө. Мындай көрүнүштөр кубандырбай койбойт. Ошондуктан, биздин банк DevCIT борборунун биргелешкен окуу программасын баштоо демилгесин колдоого алды. Окуу маалында студенттер кейстерди иш жүзүндө аткара алышат, ал эми программа банкта долбоорлорду иштеп чыгуунун реалдуу процессине болушунча ылайыкташтырылган. Анан да бул багыт банктын билим берүүнү колдоо боюнча корпоративдик социалдык жоопкерчилик принциптерине шайкеш келет», - деп белгилейт «Азия Банкы» ЖАК Башкаруу тобунун мүчөсү Медет Таиров.

«C#/ASP.NET тилинде программалоо» окуу программасы 27-сентябрда БААУ алдындагы DevCIT окуу борборунда башталат. Программанын бүтүрүүчүлөрү бул иште такшалууга жакшы мүмкүнчүлүк алышат, ал эми эң мыктылары «Азия Банкына» ишке орношо алат.

«Аталган программанын негизги максаты – зарыл жана кесипкөй адис болууну каалаган ар бир адамга мүмкүнчүлүк берүү. Дал ушул себептен, биз балдарды окутуп гана тим болбостон, мыкты бүтүрүүчүлөрдү окуу аяктаары менен дароо ишке орноштуруп, жаңы адистикте тынымсыз өнүгүшүнө көмөкчү болобуз», - дейт БААУ алдындагы DevCIT окуу борборунун жетекчиси Виталия Шутова.

Аталган курска жазылуу жана кеңири маалымат алуу үчүн 0770545430 номуруна чалып же расмий сайттагы https://devcit.auca.kg/2018/01/25/181/?lang=ru шилтемесин басыңыз.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию