• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Помогать легко» коомдук фондун мааракеси менен куттуктайбыз!

26 август, 2019-жыл

«Помогать легко» коомдук фонду 24-августта өзүнүн беш жылдыгын белгиледи. Эски аянтта борбор калаанын бардык тургундары үчүн кайрымдуулук майрамы уюштурулду. Балдар үчүн кеңири концерттик программа, спорттук оюндар, конкурстар, театралдык көрсөтмө, кайрымдуулук аукциону болуп өттү.  

Фонддун жетекчиси Динара Аляева беш жылдын ичинде фондго үзгүлтүксүз жардам берип, кыйын учурларда колдоп келген, анын муктаждыктарына кайдыгер  карабаган бардык досторуна жана өнөктөрүнө чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди.

Фонд 5 жылдын ичинде өз ишинде бир кыйла каражат– 15 754 211 сом топтоого жетишкен, анын негизги бөлүгү медицина кызматкерлерин окутууга жана квалификациясын жогорулатууга, УОжГБ (Улуттук онкология жана гемотология борбору) балдар бөлүмү үчүн жабдууларды сатып алууга багытталган. Ошондой эле, «Өлкөдөгү балдар онкогематологиясын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү», «Нейроонкология», «Онкологиялык ооруларды аныктоо сапатын жакшыртуу», «Балдарга паллиативдик жардам», «Ооруусуз» ж.б. өңдүү долбоорлор ишке ашырылган.

Ак ниеттик жана боорукердик менен туруктуу жардам көрсөткөндүгү жана фондду дайыма колдогондугу үчүн ыраазылык грамотасы биздин банктын өкүлүнө ыйгарылды.

«Банк Азии»  2016-жылдан бери фонддун өнөгү болуп эсептелет жана  керектүү дарыларды сатып алууга материалдык жактан жардам берип, кайрымдуулук марафондоруна акча каражаттарын бөлүп,  «Помогать легко» деген аты окшош кобрендингдик банк карталарын чыгаруу менен дайыма колдоо көрсөтүп келет.

Ар бир каалаган адам бул картаны пайдалануу менен фондго жардам бере алат, анткени картаны ачуудагы 50 сом жана комиссиялык кирешелердин 30%ы автоматтык түрдө онкологиялык жактан ооруган балдарды дарылоого кетет. Бул банктын балдар фондун колдоо үчүн атайын чыгарган таза социалдык картасы (банк андан пайда көрбөйт).

Фондду силер дагы колдой аласыңар. «Помогать легко» социалдык картасын "Банк Азии" ЖАКтын бардык бөлүмдөрүндө сатып алсаңар болот. Ар бир чыгарылган карта — бул өз баласын куткаруу  үчүн күрөшкөндөрдүн баарына сунулган кол. Фонд бардык эсептелген каражаттар өз дарегине жетип, дарылоого жумшаларына кепилдик берет.

«Банк Азии»  «Помогать легко» КФ беш жылдык мааракеси менен куттуктайт жана анын ак дилден аткарып жаткан иштерине андан аркы ийгиликтерди каалайт! 

Сурап-билүү маалыматы:

«Помогать Легко» — бул онкологиялык оорудан жабыркаган балдарды дарылоого жардам көрсөтүү жана ата-энелердин дары-дармектерди сатып алуусуна колдоо үчүн түзүлгөн кайрымдуулук фонду.

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию