Кыргызстандын көз карандысыздык күнү куттуу болсун!
Кымбаттуу, мекендештер!
31 августунда, элибиз менен өлкөбүздүн башкы майрамдарынын бири болгон Эгемендик күнү.
Бул майрам - бизге эркиндик менен теңдикти берген, мекенибиз үчүн сыймыкка бөлөгөн, өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүшү үчүн эмгектенип, өз жерибизге, үй-бүлөбүзгө, жакындарыбызга болгон сүйүүбүздү арттырган майрам. Көз карандысыздык күнү ар бирибиз үчүн, ириде, Кыргызстанды жаңылоо, анын мамлекеттүүлүгүн чыңдоо үмүтү менен байланышкан.
Өзгөчө ал соңку жаңы тарыхыбыздын жаркын барактарында баалуу күн катары кала берет. Өлкөбүздө тынчтык, ынтымак, ийгилик жана бакубаттык болсун!
Чет өлкөдө жүргөн мигрант жарандарыбызды өзгөчө куттуктагыбыз келет. Алар чоң өлчөмдөгү акча каражаттарын жөнөтүү менен экономиканын өнүгүшүнө омоктуу салым кошкон, өлкөбүздүн эртеңки тагдырына кайдыгер карабаган чыныгы мекенчилдер.
Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!
Ар бирибиз Кыргызстан деген мекенибиз үчүн сыймыкка бөлөнүп, өтөлгөлүү өмүр сүрөлү.
Урматтоо менен,
«Банк Азии» ЖАК
Башкармалыгынын төрагасы
Атакишиева З.А.