• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Мамлекеттик тил күнүн майрамдоо

24 сентябрь, 2019-жыл

23-сентябрда "Банк Азии" мекемесинде "Бал тил" сүйлөшмө клубу менен Мамлекеттик тил күнүнө арналган майрамдык жолугушуу болду. Клубдун катышуучулары, банктын кызматкерлери менен бирге SOROS жана NABU Кыргызстан эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү менен кызыктуу баяндама жана презентация жасап беришти.

Иш чараны Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Мундузбек Абдыжапар уулу ачып берди.

Ал уюштуруучуларга мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ушундай иш чараларды өткөрүүнү маанилүүлүгүн белгиледи. 

Жолугушууда катышуучулар өзүнүн презентацияларын көргөзүп, кыргыз тилиндеги жаңылыктарды талкуулашты, "Сөз сандык" көңүл ачуучу оюнун ойношту. "Банк Азии" өзүнүн "Окурман өлкө" долбоору менен бөлүшсө, SOROS Кыргызстан кыргызча-орусча-англисче сөздүктү презентация кылып, Ч.Айтматовдун чыгармаларын басып чыгарууну колдоо жөнүндө айтып берди. NABU өкүлдөрү Кыргызстандагы барстарды жана био ар түрдүүлүктү сактоо боюнча баяндаманы мамлекеттик тилде презентация кылышты, клубдун катышуучулары өздүк чыгармаларынан окуп беришти.

Эч ким куру кол кеткен жок. "Сөз сандык" оюнунун жыйынтыгы менен иш чаранын өнөктөрү жеңүүчүлөргө кыргызча-орусча-англисче сөздүктү тапшырды, ал эми бардык катышуучуларга майрамдык куттуктоо каттары, китептер жана окутуучу дисктер тапшырылды.

Ошондой эле, мамлекеттик тил майрамына бир жума калганда "Банк Азии" ААКы социалдык тармактарда атайын #говоримнакыргызском #кыргызчасүйлөйбүз челленджин жайылткан. 

2019-жылдын аягына чейин каалоочулар ага катыша алышат.

Эмне кылуу керек?

1. Өзүңүз кыргыз тилиндеги сүйүктүү чыгармаларыңыздан үзүндү окуган 1 мүнөткө чейинки видео тартасыз.

2. Кийинки хештегдерди көрсөтөсүз: #говоримнакыргызском #кыргызчасүйлөйбүз #банказии.

3. Үч досуңузду белгилеп, эстафетаны андан ары жайылтасыз. 

Биздин челленджди колдоого жана өлкөбүздүн мамлекеттик тилин андан ары өнүктүрүүгө чакырабыз!

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию