• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

DevCIT БААУ менен программалоо боюнча биргелешкен курсу башталды

30 сентябрь, 2019-жыл

27-сентябрда БААУнун алдындагы DevCIT окуу борборунда С# программисттерди даярдоо боюнча 9 айлык курс башталды. «C#/ASP.NET тилинде программалоо» деп аталган бул курс БААУ менен «Банк Азии» биргелешкен долбоору катары өткөн жылдын жайында ойлонулган.

Августта тандоо башталып, сентябрдын аягында 23 угуучу: Кыргызстандын ар кайсы аймагынан жаш жигиттер жана кыздар өзүнүн окуусун баштаган. Долбоорго катышуу үчүн атайын билим талап кылынган эмес, болгону базалык компьютердик сабаттуулук жана жакшы өнүккөн логикалык ойлом керек эле. Курстун угуучуларынын арасында «Мээрим булагы» балдар үйүндө тарбияланган эки таланттуу бала да бар. Банк билим берүүнү колдоо боюнча корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагында бул балдардын курста окушу үчүн эки бекер орун беришкен.

Окуу программасынын окутуучусу болуп «Банк Азии» банкынын башкы программисти 7 жылдык иш тажрыйбасы жана ар кандай сервисттер менен маалымат базасын иштеп чыгуу көндүмдөрүнө ээ Мыктыбек Абсатар уулу эсептелет. Анын долбоорлорунун арасында – банк төлөмдөрүнүн системасы, Visa картасын терминалдар аркылуу толтуруу, сайттар үчүн ар кандай плагиндер жана модулдар болгон. Мыктыбек ошондой эле MySQLду жакшы билет, ошондой эле C#, PHP жана Java тилдерин дагы мыкты өздөштүргөн.  

«Бул курстун негизги максаты – ар бир каалоочуга суроо-талапка ээ жана кесипкөй адис болуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Ошондуктан биз «Банк Азии» менен биргеликте балдарды жөн гана окутпастан, мыкты бүтүрүүчүлөрдү окуу бүткөндөн кийин дароо эле банкка ишке киргизебиз, жаңы адистигинин үзгүлтүксүз өнүгүшүнө көмөк көрсөтөбүз” – деп белгиледи, БААУнун алдындагы DevCIT  окуу борборун жетекчиси Виталий Шутов.  

 «Банк Азии» ЖАК башкармалыгынын мүчөсү Медет Таиров балдардын окуусуна ийгилик каалап, программалоонун татаал тилин өздөштүрүүсүнө жана өлкөнүн IT-рыногундагы мыктылардын бири болуусуна тилектеш экенин билдирди. «Окуу процессинде балдар практикалык кейстердин үстүндө иштешет, анткени окуу программасынын өзү банктагы долбоорлорду иштеп чыгуунун реалдуу процессине ыңгайлашкан, ал эми мыкты бүтүрүүчүлөрдү такшалма жана иш күтөт», - деп сөзүн аяктады Таиров.

* Маалымат: C# — бул иштелмелердин эң популярдуу тилдеринин бири, анда көптөгөн артыкчылыктар жана жагымдуу өзгөчөлүктөр бар. Бул тилде колдонуудагы платформалардын көпчүлүгү үчүн программаларды, мобилдик жана веб-колдонмолорду жазса болот. Бул тил жакшы уюшулган, анда кодду диагностикалоо жана редакциялоо үчүн көптөгөн инструменттер бар, ал эми NET китепканасы татаал тапшырмаларды жана эски операцияларды чечүүгө мүмкүндүк берет. 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию