• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Банк Азия» ЖАКтын кызматкерлери Стамбул марафону 2019 иш-чарасына катышып келишти

12 ноябрь, 2019-жыл

"Банк Азия" ЖАКта марафондук жарыштардын, ден соолукту чыңдоо жана спортту колдоо боюнча  программанын мезгили  башталып, анын кызматкерлери Бүткүл дүйнѳлүк Стамбул марафонуна катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Банк ѳз кызматкерлеринин ден соолуктарын жакшыртуу жана жаңы ийгиликтерге кызыктыруу үчүн ички акцияны  демилгеледи. Ар бир каалоочу Стамбулга учуп барып,  кѳркѳмдүү 15 чакырым каттамда чуркап ѳтүү мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болду. Ал үчүн биздин ѳлкѳнүн түрдүү аймагында, ошондой эле Алматы шаарында уюштурулган жарыштарда жалпы аралыгы 92 чакырымды чуркап ѳтүү зарыл эле. Чуркоого даярдануу үчүн  “I Love Running”  спорт мекемесинин кесипкѳй машыктыруучусу менен биргеликте жумасына 2 жолу даярданган катышуучулардын  тобу  уюштурулган. Бул мээнеткечтикти талап кылган, бирок үзүрлүү 8 айлык мѳѳнѳттѳ эң чыдамкай жана ѳжѳр катышуучулар тандалып, татыктуу сыйланышты.

2019-жылдын 2-ноябрында шартты аткарган алгачкы 5 катышуучу Банктын демилгеси менен Түркияга эл аралык  Стамбул марафонуна катышууга  учуп кетишти жана бүткүл дүйнѳдѳн келген 24 миң жѳѳ күлүккѳ кошулушту. Алар 15 чакырым чуркап ѳтүшүп, медалдарга ээ  болушту. Банк  алардын  бардык  жол кире, тамактануу жана мейманканага жумшалган чыгымдарын тѳлѳп берди.

"Банк Азия" ЖАК ѳз кызматкерлерин спорттук иш-чараларга катышууга кызыктыруу менен жашоонун сергек мүнѳзүнүн маданиятын ѳнүктүрүүгѳ кызыкдар жана ар бир персоналынын ден соолугуна кам кѳрѳт. Чуркоо модага айланып бара жатат – бул  калктын ден соолугун чыңдоонун мыкты тенденциясы жана Банк эч качан четте калбайт.  

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию