• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Банк Азии» банкынын туулган күнүн майрамдоо

18 ноябрь, 2019-жыл

18-ноябрда “Банк Азии” башкы кеңсесинде компаниянын 21 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Аталган майрамга акционерлер, Башкармалык, кызматкерлер келип, бул күн баарынын башын бириктирди. Жетекчилик жана жамаат менен бирге маанилүү даталарды, банк турмушундагы олуттуу окуяларды, ушул жылдар аралыгындагы команданын жетишкендиктерин эскердик. Майрам жылда салтка айлангандай торт кесүү жана мыкты кызматкерлерди сыйлоо менен жыйынтыкталды. Кырктан ашык кызматкерге банктын өнүгүшүнө кошкон көп жылдык салымы жана иштеги мыкты көрсөткүчтөрү үчүн Башкармалыктын Ыраазычылык каттары жана Директорлор кеңешинин Ардак грамоталары тапшырылды.  

Бул күнү бардык кеңселерибиз шарлар менен кооздолуп, кардарлар үчүн жер-жемиш жана таттуулардан турган майрамдык дасторкон даярдалган. Меймандарга майрамдык инста-алкак менен эстеликке сүрөткө түшүп, биз менен чогуу туулган күндү белгилегенге шарт түзүлгөн.

Биздин командага, ошондой эле сүйүктүү кардарларыбызга жана өнөктөштөрүбүзгө көрсөткөн ишеним жана достук колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бизди тандаганыңыздар үчүн жана 21 жылдан бери дал ушундай кызматташтыкта көптөгөн ийгиликтерге чогуу жетип, биздин жалпы кыял-максатыбыз болгон “Өнүккөн Кыргызстанды” курууга чогуу бет алганыңыздарга рахмат!

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию