• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

“AБН” МФКнын кредиттерин «Элкарт Мобайл» аркылуу төгүүгө болот

11 декабрь, 2019-жыл

Урматтуу кардарлар,

«АБН» микрофинансылык компаниясынан алынган кредитти мындан ары сиздер банктын жана МФКнын бөлүмдөрүндө гана тургай, «Элкарт Мобайл» тиркемеси аркылуу да төлөй аласыз.

«Элкарт Мобайл» — Элкарт төлөм картасынын ээлери үчүн бул мобилдик тиркемеси биздин банктын кардарларына төмөнкү жеңилдиктерди берет:

  • «Азия Банкы» ЖАКтагы эсептешүү эсебин толуктоо;
  • Бардык банктардын Элкарт картасын, ошондой эле «Азия Банкынан» VISA картасын толуктоо;
  • Мобилдик байланыш, Интернет, телевидение, коммуналдык кызмат акыларын төлөө;
  • Салык төгүмдөрүн төлөө;
  • КР Социалдык фондуна төгүмдөрдү төлөө;
  • «Коопсуз калаа» долбоорунун алкагында жол айып пулдарын төлөө;
  • Картанын QR-кодун сканерлөө менен ыкчам которуу жана төлөмдөрдү жүргүзүү;
  • Биздин банктан, ошондой эле төмөнкү чакан кредиттик жана микрофинансылык компаниялардан берилген кредитти төгүү:
    •  «Аманат Кредит» чакан кредиттик компаниясы ЖЧКсы
    •  «АИМ Кредит» микрофинансалык компаниясы ЖАК
    •  «Юниверсал Файненс энд Кредит» ЖЧКсы
    •  «Элет Капитал микрофинансылык компаниясы» ЖАК
    •  «Салым Финанс» микрофинансылык компаниясы.

Булардын баарын убактыңызды жана акчаңызды алдаканча үнөмдөй турган «Элкарт Мобайл» тиркемеси аркылуу аткара аласыз! Бул жеңилдиктен пайдалануу үчүн сиздин «Элкарт» картаңыз болушу шарт, ошондой эле мобилдик түзүлүшүңүздүн үлгүсүнө жараша Google Play же App store базасынан тиркемени уюлдук телефонуңузга жүктөөңүз керектелет.

 

«Элкарт Мобайл» колдонмосу аркылуу «АБН» МФКнын кредиттерин төлөө боюнча нускама.docx

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию