«Банк Азии» жыл сайын өтүүчү «Биз биргебиз!» айлыгына катышты
Жыл сайын өтүүчү «Биз биргебиз» боорукердик айлыгы 15-ноябрдан 15-декабрга чейин өттү! Бул акция турмуштук кыйын жагдайдагы үй-бүлөлөргө ар тараптуу жардам берүүгө арналган.
Биздин банк кол куушуруп карап турбастан акча каражатын бөлдү. Банктык төлөм кызмат көрсөтүү башкармалыгынын кызматкерлери демилгени колго алып, Жаңы жылдын урматына кийим чогултушту, азык-түлүк, кир жуугуч каражаттарды, ошондой эле балдарга куурчактарды сатып алышты. 12-декабрда кызматкерлер Арашан, Көк-Жар жана Кой Таш айылына барышып, 15 мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөнң жана балдарды кубантып келишти.
Кайрымдуулук биздин банктын социалдык багыттарынын бири болуп эсептелет. Кандайдыр бир жакшылык кылып, муктаждарга жардам берип, биз дүйнөнү мындан да жакшы, мээримдүү жана бактылуу кылабыз. Ал эми бирге болуу сезми бардыгыбюызга канат байлап, көңүлүбүздү көтөрөт.