• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Банктын кызматкерлери ардагелерди Жаңы жыл майрамы менен куттуктады!

19 декабрь, 2019-жыл

Алар Мекенибизди коргоп, өз өмүрлөрүн тобокелдикке салган; эркиндик жана көзкарандысыздык үчүн күрөшкөн; алар кайратмандыктын чыныгы үлгүсү. Алар – Улуу Ата мекендик согуштун баатырлары.

18-декабрда Бизнести өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн кызматкерлери баатырларга каармандыгы үчүн башка жолу да ыраазычылык билдирип, Жаңы жылы менен куттуктоо максатында кабарлаган. «Куликовский» кондитердик үйүнүн командасы менен бирге кобрендинг акциясын өткөрүп, торт, сүт азыктары жана материалдык жардам түрүндө белектерди даярдашты.

Согуш ардагерлеринин жана оорукта эмгектенгендердин көпчүлүгү жалгыз, айрымдары  – балдары менен, неберелери менен же жубайы менен жашайт. Мындай учурда алар үчүн башкысы – көңүл буруу. Аларды угуу, баарлашуу, убакыт бөлүү же жөн эле алар менен бирге бир чыны чай ичүү. Алардын ар биринин өзүнүн тарыхы жана тагдыры бар.

Баатылар менен жолугушуу банктын кызматкерлерин ушундай акцияларды өткөрүп, аларды ар тараптан колдоого түртөт. Бактылуу, кубанычка толуп, ыраазы болгон жүздөрдү көрүп, ага жооп катары чексиз  жылуу каалоо-тилектерди угуу – бул биз үчүн баа жеткис.

«Банк Азии» командасы жана «Куликовский» кондитердик үйү Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринин жана оорук эмгекчилерин келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктайт. Бекем ден соолук, кубанычтуу учурлардын көбүрөөк болушун жана жакын адамдардын жанында болушун каалайт!

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию