КР мамлекеттик туу күнү кут болсун!
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайбыз!
Биздин туу өзгөчө мааниге ээ, анткени ал улуу кыргыз эли басып өткөн узак жана татаал жолду чагылдырып турат. Бул өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын, биримдигинин көрсөткүчү.
Мына 30 жылдан бери Кыргызстандын туусу дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө ар түрдүү спорттук мелдештерде жана фестивалдарда көтөрүлүүдө. Желегибиз дайым тынчтык күндөрдө, ачык асман астында желбиреп турсун жана өлкөбүз гүлдөп, өнүксүн.