• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

Ак калпак күнү!

05 март, 2020-жыл

Кыргыз калпагы жашоо-тиричиликке ыңгайлуу, ысыкта күндөн сактаган, суукта ызгаардан коргогон, жылуу десе жылуу, жеңил жана жайлуу баш кийим. Калпактагы ар бир түс жана ар бир оюу өзүнө таандык маанини туюндуруп турат. Эми, ошол маанини аныктап, аны кайра элге бергенге аракет кылып көрөлү.

Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан куралат, ал төрт талаа байыркы заманда аныкталган адам жашоосунун төрт башталмасы - от, суу, аба, жер болуп саналат. Демек, ал жердеги адам жашоосунун негизи, бир Теңирден келген улуу табылга катары, анын негизги философиялык төрт башталмасын башына көтөрүп жүрүү зарылдыгын айкындап турган баш кийим экендигин, адам акыл-эсинин башаты кайда болорун туюндурган чоң акылман нерсе экендигин көрөбүз.

Кыргыздардын улуттук баш кийими — маданиятыбыздын ажырагыс бөлүгү, ошондуктан келгиле улуу элдин мурасын сактайлы.

Майрамыңыздар менен!

 

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию