• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Банк Азии – FinOlimp 2020» жалпы республикалык олимпиаданын алкагында банк кызматкерлеринен чеберчиликке үйрөтүү

10 март, 2020-жыл

Өткөн ишембиде, 7-мартта Башкармасынын төрайымынын орун басары Эдил Джолдошбекович жана кредиттик башкармалыгынын башчысы Акыл Беримкулович  «Банк Азии – FinOlimp 2020» биринчи жалпы республикалык олимпиаданы колдоо үчүн КРСУнун студенттерине «Финансылык сабаттуулук» деген темада баяндама жасашты.  

Биздин банк, корпоративдик социалдык жоопкерчилик саясатын колдоо менен коомдун негизги экономикалык социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө тартыла турган таланттуу жаштарды өстүрүүгө көмөктөшүп,  экинчи жылы финансылык олимпиаданын башкы өнөктөшү катары иш алып барууда.

Бүгүнкү күндө финансылык жактан сабаттуу болуу зарыл. Финансылык жактан сабаттуу адамда ар кандай банктардан алып алган насыясы жок, ал тапкан каражаты менен жашаганды билет жана эркин акчаларын сактайт. Ал финансы дүйнөсүнө туура багыт алат жана анын дайым “коопсуздук жаздыкчасы” болот. Ошондой эле жаштардын финансылык билими чечимдерди туура кабыл алганга көмөк көрсөтөт. 

Чеберчиликке үйрөтүү сабагында насыя берүүнүн талкууланып, акчаны туура бөлүштүрүүнүн, насыя алууда кандай тобокелчиликтер бар жана алардан кантип арылса боло тургандыгын тууралуу маанилүү маселелер талкууланды. КРСУнун студенттери темага жандуу аралашып, кызыккан суроолорун беришти, аягында бир саатка пландаган сабагыбыз бир жарым саатка узарып кетти.

Студенттер менен кездешүүнүн жыйынтыгы боюнча Kahoot кызыктуу интерактив жана онлайн-оюн өткөрдү. Оюндун алгачкы үч жеңүүчүсүнө банктын фирмалык сувенирдик продукциясы тапшырылды.

Биздин спикерлерге колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию