Нооруз майрамыңыздар менен!
Кымбаттуу кардарлар жана өнөктөр,
Жадыраган жаз коштоп кирип келген Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
Жаратылыш жаңыланып, күндүн жылуу илеби жан-дүйнөбүзгө дем берип турат. Дүйнө ойгонуп, жаңы ачылыштарга, ойлорго жана өзгөрүүлөргө өбөлгө болууда. Улустун улуу күнүдө баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубаттык жана тынччылык каалайбыз.
Нооруз майрамы жан-дүйнөңүздөргө кубаныч жана жакшы маанай тартууласын.
Ишиңиздер ийгиликтүү болуп, өнүгүүнүн жолунда бирге бололу!
Чын ниеттен чыккан каалоолору менен,
«Банк Азии» ЖАК