• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Банк Азии» ЖАК STEAM IDEATHON иш-чарасына жана Technovation Girls Challenge долбоорлорунун финалына колдоо көрсөтүү

22 июнь, 2021-жыл

17-июнда STEAM IDEATHON иш-чарасы жана Technovation Girls Challenge Кыргызстан долбоорлорунун финалы болуп өттү. Technovation Girls Challenge 2021 – бул 10 жаштан 18 жашка чейинки кыздарга арналган акысыз программа. Алар 12 жума ичинде менторлордун жардамы менен уюлдук тиркеме түзүү аркылуу коомдогу жана өлкөдөгү социалдык жактан маанилүү маселелерди чечүүнү үйрөнүшөт.

Кыргызстандын дээрлик бардык аймагынан келген 12 жаштан 18 жашка чейинки кыздардын 17 командасы компетенттүү калыстардын алдында 7 номинация боюнча өздөрүнүн идеяларын сунушту:социалдык ишкердиктеги инновациялар; жашыл демилгелер; жаштардын активдүүлүгү жана тартылуусу; кыздардын жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү; шаарлар жана коомдоштуктар үчүн демилгелер; ден-соолукту чыңдоо үчүн чечимдер; өнүгүү үчүн потенциал.

Бизнести өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эсеналиева Нурмира калыстар тобунун катарына кирип, команданы дээрлик жогорку деңгээлдеги даярдык, командалык иш, ошондой эле коомдоштуктардын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүчү технологиялардын кызыктуу концепттери мактоого арзый тургандыгын айтты.

“Domingo” командасы банктан атайын байге алды. Команданын катышуучулары Планетага аяр мамиле жасоо жана таштандыны сорттоо боюнча өспүрүмдөргө жана чоңдорго арналган окутуучу видеолордон турган тиркеме сунуш кылышты. “Корпоративдик-социалдык жоопкерчиликтин алкагында, биздин банк экология боюнча долбоорлорго өзгөчө көңүл бурууга аракет кылууда. Себеби,дал ушул учурда келечектеги муун үчүн экологияны сактоо тууралуу ойлонушубуз керек. Ошондуктан, тиркеме идеясы жана команданын баалуулугу абдан жакшы көрүнүш болду” – деп белгиледи Нурмира Эсеналиева.

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию