• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Банк Азии» ЖАК Фоточемп онлайн жарышына колдоо көрсөттү

13 июль, 2021-жыл

Фоточемп –  профессионал фотографтар жана фото тартууну жактыргандар үчүн түрдүү жанрдагы фотосүрөттөрдүн онлайн жарышы. Сүрөткө тартуу усталыгыңды ушул жерде жана азыр далилдөө зарыл болгон жарыштан жана сүрөткө тартуу чыгармачылыгынан турган бул иш-чара чемпионаттын уникалдуу форматын чагылдырат.

Салт боюнча, “Азия банкы” ЖАК бул долбоорго колдоо көрсөтүп, расмий өнөктөш болду. Бул жылы Фоточемптин темасы “Өткөндөн жана келечектен сүрөттөр” деп аталды. Катышуучулар кызыктуу эмгектерин, өздөрүнүн “эң мыкты тараптарын” көрсөтүшүп, чыгармачылык жөндөмдөрүн ача алышты. Уникалдуу эмгектер банктын сувенирдик продукцияларында чагылдырылат.

7-июлда Ololo “Ormon Khan” да көргөзмө болуп, анда жарыштын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Уюштуруучулар өз кезегинде көмөк көрсөткөнү үчүн банкка ыраазычылык билдиришип, ыраазычылык катын тапшырышты. Биздин банк уюштурууга катышканына жана өлкөбүздөгү фото искусствону жана визуалдык маданиятты өнүктүрүүгө оң таасир эткен иш-чаранын бир бөлүгү болгонуна абдан кубанычта.

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию