• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Банк Азии» ЖАК менен «Кепилдик фонду» ААКтын макулдашууга кол коюушу

28 октябрь, 2016-жыл

28 октябрь жума күнү «Азия Банкы» ЖАК менен «Кепилдик фонду» ААКтын ортосундагы макулдашууга кол коюу болуп өттү. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо биздин өлкө үчүн негизги тапшырма болуп саналат. Ушуну менен бирге ЧОБду өнүктүрүү үчүн "узак” жана арзан насыяларга жетүү талап кылынат. Бирок олкөнүн региондорунда кыймылсыз мүлк рыногунун өнүкпөгөндүгүнө байланыштуу чакан жана орто бизнестин ишкерлери үчүн насыяны алууда тоскоолдуктар жаралууда.

«Кепилдик фонду» ААК ЧОБду насыялоого көмөктөшүү үчүн түзүлгөн жана аларды колдоонун негизги уюмдарынын бири болуп саналат. Кепилдик фондунун негизги милдети болуп банктарда насыялар, күрөө жетишсиз болгон учурда лизинг келишими боюнча ишкерлерге кепилдик берүү саналат.

Ишкерлер биринчи ирет «Азия Банкы» ЖАКка кайрылып, насыянын керектүү суммасын алууга күрөө жетишпеген учурда «Кепилдик фонду» ААКка кепилдик үчүн кайрыла алышат. Бүгүнкү күндө фонд күрөөнүн 30% жабат.

«Азия Банкы» ЖАК жана «Кепилдик фонду» ААК Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө жана өркүндөшүнө бирге көмөктөшүшөт.

 

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию