• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Банк Азии» Кызыл жарым ай коому менен биргеликте социалдык долбоорду ишке ашырат

28 июнь, 2017-жыл

2017-жылдын май айынын башында  Тажикстандын жана Кыргызстандын чек арасында жер титирөө болуп, Ош облусунун  Чон-Алай  районунун: Кара-Мык, Кара-Тейит, Шибээ, Жекенди, Чулук айылдарынан миңдеген бүлөлөр жабыркады. КР ӨКМ мааалыматына караганда  500 үй  жарым-жартылай  же  толугу  менен  талкаланды (4 жана 5-категория). 

«Банк Азии»  КР КЖУК менен биргеликте (Кыргыз Республикасынын Кызыл жарым ай улуттук коому) жакынкы арада Ош облусунун  Чон-Алай  районунун  айылдарынын 550 бүлөсүнө  берилүүчү акчалай компенсацияны бөлүштүрүү маселесин карап жатышат.   Бул аймактын тургундары биргелешкен долбоорго ылайык 13900 сом өлчөмүндөгү акчалай  компенсацияны «Банк Азии» ЖАКтын  акысыз берилүүчү Элкарт банк картасы аркылуу ала алышат. Бул долбоор үчүн атайын 550 Элкарт дебеттик  карточкалары жеңилдетүүчү шарттары менен дайындалат, картаны тейлөөнүн биринчи жылы, ошондой эле «Банк Азии» ЖАКтын банкомат/POS терминалдарында накталаштыруу КР банктарынын бардык «Ынтымактуу тарамындай»  акысыз жүргүзүлөт.

Бул «Банк Азии» ЖАКтын  КЖУК  менен биргеликте ишке ашырган биринчи долбоору эмес. Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери жана волонтерлору банктын кызматкерлери менен биргеликте 2017-жылдын 28-июнунан 30-июнуна чейин Ош облусунун  Чон-Алай  районунда  жабыркагандарга  карталарды жана ПИН-конверттерди тапшыруу ишин башташат.

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию