• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Банк Азии» ЖАКтын Элкарт акысыз карталары Чон-Алайда жабыркагандарга берилет

02 июль, 2017-жыл

2017-жылдын майында Тажикстандын  жана Кыргызстандын чек арасында Ош облусунун  Чон-Алай районунда 500 үйдүн жана социалдык объектилердин талкаланышына, миңдеген бүлөлөрдүн үй-жайсыз калышына алып келген алты баллдык жер титирөө болуп өттү.

Бул аймактын тургундарын колдоо максатында «Банк Азии» ЖАК кайтарымсыз негизде Кара-Мык, Кара-Тейит, Шибээ, Жекенди, Чулук айылдарынан жабыркаган 550 бүлө үчүн Элкарт дебеттик банк карталарын чыгарды. Бул  соц.долбоор  «Банк Азии» ЖАКтын  Кыргызстандын Кызыл жарым ай улуттук коому  (КЖУК)менен кызматташуусунун негизинде ишке ашырылды.  28-июндан 29-июнга чейин  «Банк Азии» ЖАКтын кызматкерлери  КЖУК менен Ош облусуна карай жол тартышып, жер-жерлерде  аймактын тургундарына эл аралык донорлордон бөлүнгөн 13900 сом өлчөмүндөгү кайтарымсыз негизде берилүүчү  акчалай  компенсацияны төлөп берүү үчүн «Банк Азии» ЖАКтын Элкарт банк картасы таратылат. Бул карталар боюнча шарттар  индивидуалдуу.  Акчаны накталаштыруу жана  тейлөө биринчи жылы акысыз жүргүзүлөт.

Картаны тапшыруудан тышкары банктын адистери жер-жерлерде тургундарга өз акча каражаттарын кайдан жана кантип накталаштыруу керектигин түшүндүрүп, төлөм картасын колдонууну үйрөтүштү, аны менен бирге калкка финансылык сабаттуулук боюнча кыскача сабак өтүштү. Ошондой эле өнөктөш банктардын тарамында «Банк Азии» ЖАКтын кызматын колдонуу менен карта кармоочулар кандай артыкчылыктарга ээ болорун, «Ынтымак тарамын» түшүндүрүштү. 

30-июндан баштап бардык жабыркоочулар Ош филиалында жеке карталарын колдонуп, чегерилген акча каражаттарын накталаштырышты. 

Маалым кат:

Учурда «Ынтымактуу тарамга» Кыргызстандын жети коммерциялык банкы кирет, ал эми  терминалдык жалпы тарам өлкө боюнча 926 түзүлүштөн: 311 банкоматтан, 615 POS-терминалдан турат. Ушул тарам карта кармоочулардын убактысын жана акчасын үнөмдөө үчүн түзүлгөн. Ал акча каражатын «Ынтымактуу тарамдын» өнөктөш банкынын  банкоматында же POS-терминалында тез, жеңил жана ашыкча чыгымсыз накталаштырууга мүмкүндүк  берет. Бул Чон-Алайдын  тургундары  каалаган  убакта жана  «Ынтымактуу тарамдын» жакын жайгашкан банкында акчалай компенсацияларын ала алышарын билдирет.

 

 

 

 

 

 

 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию