Интернет-банкингге туташуу АКЦИЯСЫ
Урматтуу кардарлар,
июль жана август айларында СУПЕР-АКЦИЯ өткөрүлөт.
Демек, интернет-банкингге акысыз туташуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып калууну сунуштайбыз!
Бул, эсептерди күнү-түнү ишенимдүү, коопсуз шартта тескөө ыкмасы. Ушул иш ыргагында толук кандуу иштөө үчүн Интернетке туташкан компьютер, Рутокен Web жабдуусунун болушу гана жетиштүү.
Интернет-банкинг ыңгайлуулугу кайсы болбосун убакытта, бардык жерден төмөнкүдөй банк операцияларын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө өбөлгө түзөт:
- банк ичинде жана жана банктар аралык төлөмдөрдү өткөрүү;
- валюталарды конвертациялоо;
- эсептердин жылышына көз салуу.
Бардык операциялар Рутокен Web жабдуусун колдонуу менен электрондук-цифралык кол тамга менен тастыкталат.
«Интернет-Банкинг» кызматынан пайдалануу үчүн:
- “Азия Банкы” ЖАКта эсеп ачуу;
- «Интернет-Банкинг» кызматынан пайдаланууга өтүнүч кат толтуруу;
- «Интернет-Банкинг» системасында тейленүү үчүн келишим түзүү;
- пароль жана логин көрсөтүлгөн пин-конверт алуу жана Рутокен Web жабдуусуна ээ болуу талап кылынат. Бул кызмат көрсөтүүлөр акысыз сунушталат!