2 аманат кассасы жабылгандыгы тууралуу маалымдайбыз
Урматтуу кардарлар,
Ушул жылдын 1-августунан тартып Бишкек шаарынын Мамкаттоонун каршысында орун алган №042-05-27 аманат кассасы өз ишин токтоткондугун жана кардарлардын бардык эсептери Т.Кулатов атындагы көчө 5 (Матросов көчөсү менен кесилишкен жерде) дареги боюнча жайгашкан “Курулуш” филиалынын эсептерине которулгандыгын маалымдайбыз.
Мындан тышкары, Ош шаарынын Зайнабетдинов көчөсү, 20/1 дареги боюнча жайгашкан №042-04-34 кассасы 1-августтан тартып жабылгандыгын, кардарлардын эсептери түштүк борбор калаанын Ленин атындагы, 317 дареги боюнча жайгашкан “Ош” филиалына которулгандыгын билдиребиз.