• English
  • Русский
  • Кыргызча
Для слабовидящих

«Азия Банкы» - Гарантиялык фонддун камсыздоосу алдында кредит берүү жагында лидер«Азия Банкы» - Гарантиялык фонддун камсыздоосу алдында кредит берүү жагында лидер

06 сентябрь, 2017-жыл

 «Азия Банкы» ЖАКтын  Башкармасынын төрагасынын орун басары Эдиль Исмаилов  5-сентябрда өлкөдө гарантиялык системанын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн «Гарантиялык  фонд» ААКсынын ардак баракчасы менен сыйланды.

 Өтүп жаткан жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы Гарантиялык фонд тарабынан камсыздалган банктардын ичинен чакан жана орто бизнес субъекттерине «Азия банк» ЖАК  эң көп кредит берген.

«Күрөөнүн жетишсиздигинен улам, банктын карыз алуучуларынын тең жарымынан көбү муктаж болгон кредит суммасын ала албай келишкен. Буга региондордо кыймылсыз мүлк рыногунун өнүгө албай жатышы таасирин тийгизүүдө, натыйжада чакан жана орто бизнес үчүн  кредит алуу көп учурда оңойго турбайт. Албетте, бул экономика менен ишкердиктин өнүгүүсүнө кедергисин тийгизбей койбойт. Гарантиялык фонд менен кызматташуунун натыйжасында учурда бул маселе чечилүүдө»,- деп билдирди Эдиль Исраилов  ыраазычылык билдирген сөзүндө.

* «Гарантиялык фонд» ААКсы   2016-жылдын 23-июнунда  Кыргызстанда чакан жана орто бизнести кредиттөөгө колдоо көрсөтүү максатында өзүнчө финансылык институт катары түзүлүп, кредит берүүдө ишкерлерге гарантияларды сунуштоо жана күрөөнүн жетишсиздигинде лизинг келишимдерин түзүү аркылуу чакан жана орто бизнес субъекттери үчүн финансылык ресурстардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу анын негизги максаты болуп саналат.

 «Азия Банкы» ЖАК  2016-жылдын октябрь айынан бери  Гарантиялык фонд менен жигердүү кызматташууда. 

Бардык жаңылыктар

Главная
X
X

Вы можете позвонить нам, выбрав желаемого оператора связи.

X
Пожалуйста, укажите ваши контактные данные для обратной связи. Мы обязательно ответим на ваше обращение.

Подать жалобу
Получить консультацию