"Азия Банкындагы" кадрдык өзгөрүүлөр
Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр,
Банктагы кадрдык өзгөрүүлөргө көңүлүңүздөрдү бурабыз:
Буга чейин "Курулуш" филиалынын директорунун кызмат ордун ээлеп келген, Батырбеков Мелисбек Джолчуевич 12-сентябрдан тартып "Ак-Чий" филиалынын директору кызмат ордуна которулган.
Ал эми Асанакунов Азамат Рыспаевич "Курулуш" филиалынын директору болуп дайындалган.
«Жалал-Абад» филиалынын директорунун кызмат ордун ээлеп келген Нуркулов Даниярбек Жороевич 12-сентябрдан тартып регион боюнча директор жана «Ош» филиалынын директорунун кызмат ордуна которулган.
«Жалал-Абад» филиалынын операциялык бөлүмүнүн начальниги Божуев Арсланбек Алымжановичке «Жалал-Абад» филиалынын директорунун милдети жүктөлгөн.
Банктын эмгек жамаатынын атынан кесиптештерибизге жаңы кызмат орундарында ийгиликтерди каалап, алдыга койгон бардык максттарына жетүүлөрүнө тилектештигибизди билдребиз.