ПИН-кодду банкомат аркылуу алмаштыруу кызматын сунуштайбыз!
Банк кардарларга ыңгайлуу болуш үчүн кошумча кызмат көрсөтүүнү иштеп чыккандыгын маалымдайбыз., ал аркылуу «Азия Банкынын» банктык карттарынын ПИН-кодун өзгөртүүгө болот.
Эми Элкарт жана эл аралык Visa карт ээлери ПИН-кодду банктын өлкө аймагындагы банкоматтарынан каалаган комбинацияга өзгөртө алуу мүмкүнчүлүгү жөнгө салынды.
ПИН-кодду эске тутуп калуу кыйын болсо же ал үчүнчү бир адамга маалым болуп калса, анда Банк ПИН-кодду дароо алмаштырууну сунуштайт.
ПИН-кодду алмаштыруу кызматы канча турат?
- кызмат АКЫСЫЗ сунушталат.
Карт боюнча паролду канча жолу алмаштырууга болот?
- Карт боюнча ПИН-кодду алмаштырууга чек коюлган эмес.
Паролду ким алмаштыра алат?
- Элкарт жана эл аралык Visa карт ээлери, ошондой эле ушул кызмат көрсөтүү жөнгө салынган башка коммерциялык банктардын карт ээлери.
Паролго кандай талаптар коюлган?
- Картты коопсуз пайдалануу үчүн улам кайталанган сөздөрдү же катар номерлерди, ошондой эле туулган күндү жаңы ПИН-код катары колдонбоо сунушталат, анткени мындай комбинациялар оңой табылат.
Мисалы: 7777 же 8888, 1234 же 9876.
Паролду банкоматтан кантип алмаштырууга болот?
Мында, банкоматтагы көрсөтмөгө таянуу зарыл:
- картты банкоматка салуу
- ПИН-кодду терүү
- «ПИН-кодду алмаштыруу» кызматын тандоо
- жаңы ПИН-кодду чагылдыруу
- жаңы ПИН-кодду тастыктоо